Бүгүн, 23-май күнү Ала-Тоо аянтында “VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 күн калды” аттуу электрондук тактаны ишке киргизүүгө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
“Оюндарга 100 күн калды” датасы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келе турган катышуучулар, коноктор, туристтер жана Кыргызстандын эли үчүн маанилүү символикалык этап болуп эсептелет. Бул дата дүйнөдөгү ири этномаданий жана этноспорттук иш-чаралардын бири болгон VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жакындап калганын билдирет.
Иш-чаранын алкагында шаар тургундары жана коноктор үчүн концерттик программа уюштурулуп, улуттук спорт түрлөрү боюнча көрсөтмө оюндар көрсөтүлдү. Ошондой эле өнөктөштөрдүн тематикалык аянтчалары уюштурулуп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сувенирдик продукциялары таратылды.
Салтанаттуу иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов баштаган мамлекет кызматкерлер, өнөктөштөр, ыктыярчылар, шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору катышты.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетинен миңдеген спортчулар катышат. Спорттун улуттук жана салттуу 43 түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Оюндар 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин эки шаарда өтөт. Салтанаттуу ачылышы Бишкекте болсо, негизги спорттук жана маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уюштурулат.







