Бишкек шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында электр тармактарын масштабдуу жаңылоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан пландалган курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштеринин бардыгы үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин толугу менен аяктайт.
2026-жылы борбор калаада 38 кошумча трансформатор жана 278 темир-бетон мамы орнотулат. Мындан тышкары, эскирген 31 комплекттүү трансформатордук көмөк чордонунун шкафтары заманбап үлгүлөргө алмаштырылат.
Ошондой эле ишкананын балансындагы 2 миң 248 трансформатор жыл соңуна чейин техникалык кароодон өткөрүлүп, оңдолот.
Райондук электр тармактары боюнча жүргүзүлө турган иштер төмөнкүчө:
- Чыгыш РЭТте 113 трансформатор оңдолуп, 25 жаңысы орнотулат;
- Түндүк РЭТте 85 трансформатор оңдолуп, 10 жаңысы коюлат;
- Батыш РЭТте 100 трансформатор оңдолуп, 3 жаңы трансформатор орнотулат.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында электр энергиясынын жоготууларын 80 пайызга чейин азайтып, электр менен камсыздоонун сапатын 90 пайызга чейин жакшыртуу күтүлүүдө.
Мындан сырткары, модернизация кыш мезгилиндеги ашыкча жүктөмдөрдү азайтып, жаңы абоненттерди электр тармагына кошууга мүмкүнчүлүк түзөт.




