Кыргызстандык окуучулар биология боюнча OIBO-2026 (Open International Biology Olympiad) ачык эл аралык олимпиадасында ийгиликтүү катышып, жалпысынан 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык интеллектуалдык мелдеш 15–22-май күндөрү Сочи шаарында өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн 100дөн ашуун жаш биолог катышкан.
Кыргызстандын атынан 6 окуучу күч сынашып, алардын баары байгелүү орундарга ээ болушту.
Жеке эсеп боюнча жеңүүчүлөр:
- алтын медаль — Дмитрий Рубан (“Сейтек” STEM мектеби, 11-класс);
- күмүш медаль — Нурсултан Увалиев (“Сейтек” STEM мектеби, 12-класс);
- күмүш медаль — Улукбек Русланбеков (“Сейтек” STEM мектеби, 10-класс);
- күмүш медаль — Атахан Исираев (“Кут Билим” Ысык-Көл комплекси, 11-класс);
- күмүш медаль — Анатай Нурланов (№61 автордук мектеп-лицейи, 10-класс);
- коло медаль — Эржан Асанов (Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 11-класс).
Мындан тышкары, Кыргызстандын курама командасы топтук долбоорлорду коргоо этабында (Project Round) дагы бир алтын медаль утуп алды.
Окуучуларды олимпиадага Асхатбек Темиркулов даярдап барган.




