Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдиль Байсалов АКШнын президенти Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды. Расмий аземи 21-майда Ак үйдө өттү. Бул тууралуу аталган элчиликтен билдиришти.
Эдиль Байсалов Президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирип, Кыргызстандын кыргыз-америка кызматташтыгын андан ары чыңдоого болгон умтулуусун ырастады.
Элчи Кыргызстан эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери АКШ тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалай турганын белгилеп, АКШнын Борбордук Азия жана аймак менен кызматташууга болгон туруктуу милдеттенмесине ыраазычылык билдирди.
Дональд Трамп жаңы элчини жылуу кабыл алып, эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Ал эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы жылуу байланыштардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Эдиль Байсаловдун миссиясы Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого салым кошот деп ишенерин билдирди.

