Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Жарлыкка ылайык, 1-июлдан тартып 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан бериле баштайт.
"Бала ырысы" деп аталган мамлекеттик мыйзам балдарга төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү жөлөкпул.
Бир эле учурда эки жана андан көп бала төрөлгөндө "Бала ырысы" жөлөкпулу ар бир балага өзүнчө чегерилет.
Жарандар "Бала ырысы" жөлөкпулун "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун кошпогондо мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн алганына карабастан алууга укуктуу.
Аталган жөлөкпулду берүү бала үч жашка чыкканда токтойт.