Бир аптада 27 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды
Новость

18-майдан 24-майга чейин өлкө аймагында 27 миң 109 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 2 495;
  • мас абалында унаа башкаруу – 310;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 250;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 2 112;
  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 240;
  • авто ээнбаштык – 30;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 267;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 5;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7 829;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 миң 571 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.