"Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Новость

Президенти Садыр Жапаров «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жарандарына жалпы жарандык паспортту берүү тартибин жөнөкөйлөтүү максатында кабыл алынган.

Алсак, кабыл алынган Мыйзам менен «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-статьясын жаңы редакцияда баяндоо каралган, ага ылайык:

– ушул статьянын 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту жол-жоболоштуруу ата-эненин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт;

– Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпы жарандык паспорт кайрылган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми анын чегинен тышкары жашагандарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан берилет;

– Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспортту берүү ата-эненин экөөнүн тең макулдугу болгондо жүргүзүлөт. Ата-эненин биринин өтүнүчү болбогондо жалпы жарандык паспортту жол-жоболоштуруу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал, же өзгөчө абал, же согуштук абал режими киргизилгенде 16 жашка чыга элек баланын өзгөчө кырдаал, же өзгөчө абал, же согуштук абал режими мезгилинде колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен жалпы жарандык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартат.