"КРнын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" Президенттин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди
Новость

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгына кол койду. 

Жарлык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10–15-апрелиндеги Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыктары боюнча тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан. 

Алсак, Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, аларга ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү калк менен милдеттүү жолугушууларды ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрөт. 

Аталган Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.