Нарын облусунда Миң-Куш айылын жандандырууга арналган форум болуп өттү
Новость

Нарын облусунун Жумгал районунда “Миң-Куш айылын туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү” - “Унутулган шаарларды жандандыруу” аталыштагы форум болуп өттү.

Иш-чара 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын алкагында уюштурулду.

Форум Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана туристтик уюмдар менен биргеликте өткөрүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын, туристтик тармактын, жергиликтүү жамааттардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарындагы уран өндүрүшүнүн калдыктары жайгашкан калктуу конуштардын тургундары катышты.

Форум Миң-Кушту жаңы туристтик багыт катары таанытуу жана Жумгал районунун туруктуу өнүгүүсү боюнча маселелерди талкуулоо үчүн аянтча болду.

Пленардык жыйындын жана панелдик талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар Миң-Куштун жана жалпы эле Жумгал районунун туристтик, жаратылыш, тарыхый-маданий жана гастрономиялык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова өз сөзүндө бүгүнкү күндө Миң-Куш тургундар жана коноктор үчүн толугу менен коопсуз экенин, ошондой эле жашыл экономика, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин белгиледи.

Өзүнчө тегерек стол уран калдыктарынын объектилерине жакын жайгашкан калктуу конуштардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды.

Форум мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттардын уран калдыктары бар аймактарды Кыргызстандын жашыл экономикасынын жана туризминин өсүү чекиттерине айландыруу боюнча аракеттерин координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.