Президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иш алып баруу натыйжалуулугун жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуу сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлык жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын кайрылууларын өз убагында кароону камсыз кылуу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жарандардын татыктуу жашоо-турмушу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.
Жарлыкта түз телефон байланыштарын өткөрүү, жарандарды көчмө жеке кабыл алууларды уюштуруу, коомдук кабылдамаларды түзүү, калк менен өз ара аракеттенүүнүн санариптик сервистерин өнүктүрүү, «ишеним телефондорунун» тийиштүү ишин камсыз кылуу, ошондой эле жарандар жана юридикалык жактар менен иштөөдө кызмат адамдарынын кызматтык этикасынын жана жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар каралган.
Документ жергиликтүү бийлик органдарынын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, калк менен кайтарым байланыштын заманбап санариптик механизмдерин киргизүүгө, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүүнү камсыз кылууга, ошондой эле кызмат адамдарынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудагы жоопкерчилигин бекемдөөгө багытталган.
Жарлыкта ошондой эле маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоо менен мамлекеттик органдардын калк менен өз ара аракеттенүүсүндө санариптик платформаларды жана интернет-сервистерди пайдаланууну кеңейтүү каралган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө карата сын-пикирлерди камтыган жарандардын кайрылууларына, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет тармагында жайгаштырылган материалдарга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда мыйзамдуулукту калыбына келтирүүнү жана күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну камсыз кылуу милдети жүктөлдү.
Бул Жарлыктын кабыл алынышы калктын жашоо-турмушун камсыз кылуу сапатын жогорулатууга, мамлекеттик органдардын жарандар менен өз ара аракеттенүү системасын өркүндөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишин мындан ары бюрократиядан арылтуу үчүн кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.