МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Тажикстандын Айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жолукту
Новость

 2026-жылдын 25-майында МинКаб  Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Тажикстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Тажикстандын Айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жолукту. 

Жолугушууда эки өлкөнүн Мамлекет башчыларынын 2025-жылдагы өз ара мамлекеттик сапарларынын жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда айыл чарба тармагында жетишилген өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, жакында эле өткөрүлгөн эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумунда кол коюлган документтердин ишке ашырылышы,  жалпы бул тармакта эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтердин ишке кириши сүйлөшүлдү.

Айыл чарба тармагында кол коюлган макулдашууларды жана протоколдорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен “Жол картаны” иштеп чыгуу каралды. Бул биргелешкен иштерди системалаштырууга, конкреттүү иш-чараларды, аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрүн, жооптуу структураларды аныктоого, ошондой эле практикалык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Жолугушууда ветеринардык жана фитосанитардык маселелери, мал жана балык чарбачылыгы, өсүмдүктөр жана илимий-техникалык жана үрөөнчүлүк багыттары сыяктуу айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланып, эки мамлекеттин тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу макулдашылды.