Биринчи айым Чолпон-Атадагы Акылман лицейинде өткөн Акыркы коңгуроо аземине катышты.
Куттуктоо сөзүндө Айгүл Жапарова лицейде Кыргызстандын жети аймагынан келген эң мыкты жана таланттуу окуучулар билим алаарын белгиледи.
"Биз кайсы тарыхый мезгилди карап жатканыбызга карабастан, коомдун өнүгүшү ар дайым тарбия жана билим менен аныкталаары жана маанилүү жетишкендиктерге биринчи кезекте билим аркылуу жетишилери айдан ачык",
- деди ал.
