Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев чет элдик инвесторлор менен жолугушту
Новость

2026-жылдын  26-майында   Президенттин  тапшырмасы боюнча Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында чет элдик инвесторлор менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвесторлордун «Каракол» эркин экономикалык аймагындагы долбоорлорго инвестиция тартуу боюнча сунуштары, ошондой эле КРнын мыйзамдарына ылайык Ысык-Көл облусунун аймагында кайра жаралуучу энергия булактары чөйрөсүндөгү башка долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тараптар өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана заманбап технологияларды киргизүү келечегин талкуулашты.

Компаниялардын өкүлдөрү инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришип, Ысык-Көл облусунун өнөр жайды жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында инвесторлордун берилген сунуштарын биргелешип иштеп чыгууну улантуу жана мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашууга жетишилди.