Бишкек шаарында 28-май күнү айрым көчөлөрдө таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 23:00гө чейин Куланак көчөсү, Молдокулов көчөсү, Куйручук көчөсү жана Ахунбаев көчөсү менен чектелген аймакта суу болбойт.
Муниципалитеттин маалымдашынча, суу Д-225 мм болгон суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Шаар тургундарына алдын ала суу камдап алуу сунушталат.
