Жол фонду Жол чарба департаментине кошулат
Новость

Министрлер кабинети Жол фонду мекемесин Жол чарба департаментине кошуу чечимин кабыл алды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, мындай чечим Жол фондунун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жана мекемелердин түзүмүн оптималдаштыруу максатында кабыл алынган. Кайра уюштуруудан кийин Жол чарба департаменти Жол фондунун бардык укук-милдеттеринин укуктук мураскери болот.

Ошондой эле “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканаларынын ыйгарым укуктары кеңейтилди. Эми алар жолдордон тышкары аэропорттук жолдорду, учуп-конуу тилкелерин, рулдук жолчолорду жана перрондорду куруу иштерин да жүргүзө алышат.

Мындан тышкары, аталган ишканаларга көпүрө, дамба куруу, жээкти бекемдөө, карьер ачуу, пайдалуу кен казуу жана курулуш материалдарын өндүрүп-сатуу иштерине уруксат берилди.

Токтомдо жол курулушуна заманбап технологияларды киргизүү жана жол инфратүзүмүнө көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы да каралган.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 1-январынан тартып бензин жана дизелдин ар бир литрине кошумча 1 сомдон алынган каражат Жол фондуна түшүп, жолдорду оңдоого жана курууга жумшалууда.