Илон Маск X баракчасына Кыргызстанда Starlink иштей баштаганын жазды
Новость

Америкалык миллиардер Илон Маск X социалдык тармагындагы баракчасына Кыргызстанда Starlink иштей баштаганын жазды.

Эскерте кетсек, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШга болгон иш сапарынын алкагында SpaceX компаниясынын Starlink тармагы боюнча улук директору Райан Гуднайт менен жолугушкан. Жолугушууда Кыргызстанда Starlink спутниктик интернетин ишке киргизүү маселеси талкууланган.

Кечээ Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу Эңилчек айылындагы мектеп Starlink спутниктик интернет тармагына кошулган Кыргызстандагы биринчи социалдык объект болду.