ШКУ саммитине карата Бишкекте архитектуралык көзөмөл күчөтүлдү
Новость

Бишкекте алдыдагы ШКУ саммитине даярдыктын алкагында архитектуралык-курулуш көзөмөлү күчөтүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаада шаардык архитектуралык көрүнүштү жакшыртуу, тартипти камсыз кылуу жана көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Текшерүүлөрдү Бишкек шаардык мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгы менен №201 муниципалдык аймактык башкармалык биргелешип өткөрүүдө.

Негизги көңүл мыйзамсыз курулуштарды токтотууга, муниципалдык жерлерди өз алдынча басып алуунун алдын алууга жана шаардын сырткы көрүнүшүнө терс таасир тийгизген мыйзам бузууларды жоюуга бурулууда.

Рейд учурунда адистер тургундарга санитардык талаптарды сактоо, имараттардын фасаддарын иреттүү кармоо жана айлана-тегеректи көрктөндүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары, мыйзамсыз курулуштарга жана коомдук жайларды тартипсиз пайдаланууга жол бербөө боюнча өзгөчө көзөмөл киргизилди.