Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады
Новость

Өзбекстандын  Президенти Шавкат Мирзиёев  Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. 

“Сизге эң жакшы каалоолорумду билдирип, бүткүл мусулман дүйнөсү өзгөчө кубаныч жана чоң салтанат менен тосуп алган, ырайымдуулуктун, жакшылыктын жана берешендиктин майрамы катары эсептелген Курман айт менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Терең канааттануу менен белгилей кетким келет, акыркы жылдары биздин бекем саясий эркибиздин аркасында кылымдарды карыткан тарыхы бар элдерибиздин ортосундагы достук жана коңшулаштык мамилелери сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлдү. 

Өз ара ишенимге, сый-урматка, бири-бирибизди ар тараптан колдоого, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кеңири масштабдуу жана узак мөөнөттүү алакаларыбыз мындан ары да ырааттуу жана жемиштүү өнүгөт деп ишенем”, - деп айтылат телеграммада.