Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады
Новость

 Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон  Президент  Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. 

“Кылымдар бою бул ыйык майрам биздин элдерди анын бийик руханий баалуулуктарын – гуманизмди, сооптуу жана пайдалуу иштерди жасоого, берешендикке, адилеттүүлүккө, муктаждарга жардам берүүгө жана өз ара колдоого үндөп келет.

Анын бийик руханий баалуулуктары мындан ары да биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана эки жактуу пайдалуу кызматташтыкты, өз ара сый-урмат жана ишенимди, тилектештикти жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем.

Ушул майрам күндөрү Сизге чың ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана бейпилдик, бакубатчылык, туруктуу прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.