Министрлик F1H2O кайык жарышы Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан ири эл аралык иш-чара экенин белгилеп, “экологияга зыян келет” деген сөздөрдү негизсиз деп атады.
Мекеменин айтымында, жарышка катыша турган кайыктар заманбап талаптарга жооп берет жана буга чейин чемпионат өткөн өлкөлөрдө экологиялык зыян катталган эмес.
Социалдык тармактарда бул жарышты өткөрүүгө каршы кол топтоо жүрүп жатат. Каршы чыккандар Ысык‑Көл ЮНЕСКОго кирген биосфералык аймак экенин белгилеп, моторлуу кайыктардын майы көлдүн экосистемасына зыянын тийгизерин айтып жатышат.
Суу үстүндө ылдам жүрүүчү кайыктардын мелдеши 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө өтөт.