Баткен облусундагы Кадамжай сурма комбинатына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда текшерүүнү министрликке караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы ишке ашырган.
Адистер долбоордук документтерди кылдат изилдеп, имараттардын конструкциялык элементтеринин ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн тиешелүү техникалык өлчөөлөрдү жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштар иштелип чыгат.

