КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Москва шаарында өткөн "Борбордук Азия жана Россия" форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусуна катышты.
Жолугушууда 2025-жылдын 9-октябрында Душанбе шаарында өткөн "Борбордук Азия жана Россия" экинчи саммитинде жактырылган 2025-2027-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планынын ишке ашырылышы талкууланды.
Катышуучулар ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.
Адилет Орозбеков форматтын алкагындагы өлкөлөр ортосундагы кызматташтык темпин андан ары сактоо зарылдыгын, анын ичинде радикалдуу идеялардын жайылышына каршы туруу, баңгизат коркунучуна жана киберчабуулдарга каршы күрөшүү боюнча маселелерди белгиледи.
Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, ошондой эле экспорт жана импорттун тоскоолдуксуз жүрүшү үчүн транспорттук артериялардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында административдик тоскоолдуктарды четтетүү боюнча сунуштар айтылды.


