КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 28-майда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын бейформал жолугушуусуна катышып жатат.
Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык коопсуздуктун абалына заманбап чакырыктардын жана коркунучтардын таасири тууралуу пикир алмашуу болду.
Адилет Орозбеков өз сөзүндө эл аралык терроризм, экстремизм, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, радикалдык түзүмдөр тарабынан санариптик технологияларды, виртуалдык активдерди жана заманбап финансылык инструменттерди активдүү пайдалануудан келип чыккан коркунуч сакталып жатканына токтолду.
Шериктештиктин жумушчу органдарынын, анын ичинде Антитеррордук борбордун, Коопсуздук органдарынын жетекчилеринин кеңешмесинин жана КМШга мүчө мамлекеттердин Чек ара аскерлеринин кол башчылар кеңешинин Координациялык кызматынын аймактык коопсуздугун камсыздоого кошкон салымы да белгиленди.
