Салык органдары тарабынан ишкерлерге мыйзамсыз айып салуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык; 2026-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен салык органдары тарабынан КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде укук бузуу үчүн эскертүү түрүндөгү жаза чарасы гана каралгандыгына карабастан ишкерлерге мыйзамсыз түрдө акчалай жаза чарасын колдонуу боюнча 105 факты аныкталган.
Мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүп, анын жыйынтыгында 51 кызмат адамына карата айып пулдар салынган жана ар кандай тартиптик жазаларга кириптер болушкан.
Прокуратура органдары бул багыттагы иштерди системалуу негизде улантууда.
Ошону менен катар, Башкы прокуратура бизнес субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча жеткиликтүү механизмдер бар экендигин эскертет