Биринчи жолу фасаддык материалдар сейсмикалык сыноодон өткөрүлдү
Новость

Бүгүн, 28-майда өлкөдө алгачкы жолу фасаддык тутумдарга жана каптоочу материалдарга натуралдык вибродинамикалык сыноо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Сыноо Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан “Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эл аралык эксперттер ассоциациясы” юридикалык жактар бирикмеси менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чарага Курулуш министрлигинин адистери, курулуш компанияларынын өкүлдөрү жана курулуш материалдарын өндүрүүчү ишканалар катышты.

Учурда институттун базасында эки кабаттуу сыноо стенди жана көмөкчү имарат курулуп, пайдаланууга берилген. Аталган объекттер ички тосмо конструкцияларын, фасаддык тутумдарды жана жаңы курулуш материалдарын сейсмикалык туруктуулукка жана колдонуудагы ченемдик талаптарга шайкештигин аныктоо максатында сыноого арналган.

Долбоордун алкагында өндүрүш ишканалары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде төмөнкү фасаддык материалдар сыноодон өткөрүлдү:
• керамогранит;
• алюкобонд;
• ламинам;
• фиброцементтик панелдер.

Сыноо учурунда вибростенд аркылуу 8–9 баллдык жер титирөөнүн таасири моделденип, орнотулган фасаддык материалдардын бекемдиги, туруктуулугу жана коопсуздук деңгээли текшерилди.

Белгилей кетсек, мындай масштабдагы сыноо Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу өткөрүлүүдө. Анын негизги максаты - өлкөдө кеңири колдонулуп жаткан заманбап фасаддык системалардын жана каптоочу материалдардын ишенимдүүлүгүн жана сейсмотуруктуулугун баалоо деп айтылат маалыматта.