Бишкек шаарында майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттерине муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.
Тиешелүү токтом Бишкек шаардык кеңеши тарабынан майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдү колдоо, ошондой эле алардын шаар ичинде жүрүүсүнө жеткиликтүү шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.
Кабыл алынган чечимге ылайык, Бишкек шаарында туруктуу жашаган жана борбор калаада туруктуу каттоосу бар 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттери муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү укугуна ээ болушту.
Жеңилдетилген транспорттук картаны алуу үчүн төмөнкү даректерге кайрылуу зарыл:
- Ленин/Биринчи Май райондору — Токтогул көчөсү, 245;
- Свердлов району — Чүй проспектиси, 28;
- Октябрь району — Байтик Баатыр көчөсү, 17.
Жеке ассистенттер күн сайын балдарды билим берүү, медициналык, спорттук жана чыгармачылык мекемелерге коштоп барышат. Акысыз жол жүрүү мүмкүнчүлүгүнүн берилиши үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн азайтып, шаар ичинде жүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Кабыл алынган чечим майыптыгы бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого, социалдык, билим берүү жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган деп айтылат маалыматта.