Чоң-Алай районунда 9 миңден ашуун ири мүйүздүү мал эмдөөдөн өткөрүлдү
Новость

Чоң-Алай районунун аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо жана жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында жазгы эмдөө иш-чаралары ийгиликтүү жүргүзүлдү.

Райондук ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, эмдөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 10 000 доза вакцина районго жеткирилип, алар тиешелүү айыл аймактарына бөлүштүрүлгөн. Ветеринардык адистер жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мал ээлери менен биргеликте графиктин негизинде эмдөө иштерин уюштурушту.

Эмдөө иш-чараларынын жүрүшүндө:

  •  Чоң-Алай айыл аймагында – 3700 баш ири мүйүздүү мал, 
  •  Кашка-Суу айыл аймагында – 2800 баш ири мүйүздүү мал, 
  •  Жекенди айыл аймагында – 2500 баш ири мүйүздүү мал эмдөөдөн өткөрүлдү. 

Жалпысынан район боюнча 9000 баш ири мүйүздүү мал вакцинацияланды. Калган вакциналар резерв катары сактоого алынып, кошумча эмдөө иштеринде жана жаңы катталган малдарды камтууда пайдаланылары белгиленди.

Бүгүнкү күндө Чоң-Алай районунда эпизоотиялык абал туруктуу көзөмөлдө болуп, ветеринардык кызмат тарабынан мал арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу, мониторинг жүргүзүү жана түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз улантылууда.

Адистердин айтымында, мындай иш-чаралар аймактагы мал чарбачылыгынын коопсуздугун камсыз кылууга жана оорулардын жайылышын алдын алууга чоң өбөлгө түзөт.

709670646_122213553728341273_1507397062597343390_n.jpg 216.55 KB