Чолпон-Атада Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо маселелери боюнча тегерек стол өтүүдө
Новость

Тегерек столдун ишине мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий коомчулук, эл аралык уюмдар, экологиялык түзүмдөр жана бизнес өкүлдөрү катышууда.

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев аймактагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө биргелешкен аракеттердин маанисине токтолду.

Иш-чарага катышкандар:

  • экология министри Акыл Токтобаев;
  • анын орун басары Алмаз Мусаев;
  • президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов;
  • Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов;
  • Экология министрлигине караштуу Калдык жана саркынды сууларды туруктуу башкаруу башкармалыгынын башчысы Асел Мурзабаева;
  • Экология министрлигине караштуу Биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматынын башчысы Сабыржан Аламанов;
  • Каракол шаарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасы — Б. Э. Мамбеталиев;
  • «Zero Waste» ЖЧКсынын башкы директору Максатбек Амангелдиев;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик гидрометеорологиялык кызмат (Кыргызгидромет) — Гүлбара Оморова;
  • И. Раззаков атындагы КМТУнун илимий коомчулугу — техника илимдеринин доктору, профессор Салмор Алымкулов;
  • Россиянын илимдер академиясынын Океанология институту — Владимир Каново;
  • БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) — Ирина Талканбаева;
  • Пансионаттардын жана туристтик-эс алуу комплекстеринин өкүлдөрү — Ысык-Көл облусунун туристтик-саламаттыкты чыңдоо бизнеси.

“Бул глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик органдардын гана күчү жетишсиз. Бул жерде аба менен суудай эле көп тараптуу мамиле, илимий-академиялык чөйрөлөрдүн, эл аралык эксперттердин жана адистердин тыгыз кызматташуусу зарыл. Баарыбыз күч-аракетибизди бириктирип, чогуу иш алып барсак, коюлган максаттарга тез жетебиз деп терең ишенем. Ысык-Көлдү сактоо - келечек муун алдындагы ыйык милдетибиз”, - деди министр.

Тегерек столдун жүрүшүндө Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоого багытталган мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, илимий ыкмалар, экологиялык жүктөмдү азайтуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана аймакты туруктуу өнүктүрүү маселелери талкууланууда.