Каракол шаарындагы «Каракол» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагындагы стратегиялык мааниге ээ жаңы объект — Командалык-диспетчердик пункттун (КДП) курулушу башталды. Бул иш-чаранын алкагында «Убакыт капсуласын» салуу салтанаты өткөрүлдү. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Бул долбоор эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ишке ашырылып жаткан заманбап авиациялык инфраструктуралык объект болуп саналат. Курулуш иштери 2026-жылдын 15-майында башталган.
Бекитилген планга ылайык, объекттин курулушу 2026-жылдын 31-декабрында толук аяктайт деп күтүлүүдө. Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.
Жаңы Командалык-диспетчердик пункт өлкөнүн авиациялык тармагындагы эң заманбап жана жогорку технологиялуу объекттердин бири болуп саналат. Техникалык долбоорго ылайык, КДП 9 кабаттан (анын ичинде жер төлө кабаты) турат жана жалпы аянты 835 чарчы метрди түзөт.
Диспетчердик мунаранын бийиктиги 36 метрди түзүп, бул Кыргызстандагы эң бийик диспетчердик объект болуп эсептелет. Ал авиадиспетчерлерге аэродром аймагын толук жана коопсуз көзөмөлдөөгө шарт түзөт.
Долбоордун ишке ашырылышы Ысык-Көл облусунун авиациялык жана экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Жаңы КДП пайдаланууга берилгенден кийин «Каракол» эл аралык аэропорту аба ырайынын шарттарына карабастан ички жана эл аралык каттамдарды жыл бою кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деп айтылат маалыматта.
«Убакыт капсуласын» салуу аземине Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Беркут Калмуратов, Каракол шаарынын вице-мэри Нурлан Момбеков жана авиация тармагынын өкүлдөрү катышты.



