Бүгүн, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ала-Тоо аянтында гала-концерт өтөт. Майрамдык иш-чара "Наристе" фестивалынын алкагында уюштурулат. Салтанат 17:00 башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык VI Эл аралык "Наристе" балдар фестивалынын ачылыш аземи 31-майда өткөн. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чыныбаева, Фольклордук уюмдардын жана салттуу искусствонун эл аралык кеңешинин президенти Кристиан Идальго-Маццейни катышты.
Бул жылы катышуучулардын арасында Беларусия, Монголия, Казакстан, Корея Республикасы, Түркия, Румыния, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү бар. Фестивалдын программасына элдик бий жана аспаптык топтордун концерттери, мастер-класстар, эл аралык конференциялар, элдик кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөлөрү, маданий долбоорлордун презентациялары жана Бишкектин тарыхый жана маданий жайларына экскурсиялар кирет.
"Наристе" фестивалы дүйнө элдеринин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү жана балдардын чыгармачылыгын колдоо үчүн маанилүү эл аралык платформа болуп саналат.

