Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Достук айылында курулуп жаткан “Манас” соода-логистикалык шаарынын курулушу текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда 31-майда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев шаардын долбоору жана курулуш аянты менен таанышып, тиешелүү таршырмаларды берди. Ошондой эле курулуш иштеринин ар бир этабында сапаттын камсыздалышына, коопсуздук талаптарынын жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Текшерүүнүн жыйынтыгында компаниянын эсебинде 6 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат бар экендиги аныкталды. Курулуш министрлиги тарабынан турак-жайларды курулуштун алгачкы этабында сатыкка чыгарбоо жана жарнамага бербөө талабы коюлуп, объекттер кеминде 3–4 кабатка көтөрүлгөндөн кийин гана сатыкка чыгаруу боюнча эскертүү берилди.
Мындан тышкары, курулуш компаниясына курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө ыкчам жүргүзүү, каржылык каражаттарды ачык-айкын көрсөтүү жана мыйзам талаптарына ылайык уставдык капиталды толуктоо боюнча талаптар коюлду.
Бул талап жарандардын кызыкчылыгын коргоого, инвестициялык келишимдерди так аткарууга, курулуштагы тобокелдиктерди азайтууга жана курулуш тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган.
Улуттук инвестициялык долбоордун курулушу 2026-жылдын 1-майында башталган. Долбоорго ылайык, көп комплекстүү аймак каралып, ал бир нече этаптан турат. Алсак, биринчи этапта 11 кабаттуу 4 турак-жай имараты жана 2 кабаттуу бир нече турак жайлар, мейманкана, соода-бизнес борборлору каралган. Ал эми кийинки этаптарда логистикалык кампалар жана башка инфраструктуралык объектилерди куруу пландалган. Объектинин курулушу “Хунан Курулуш Инвестициялык” тобу тарабынан ишке ашырылууда, буйрутмачы - “Кыргыз-кытай инвестициялык холдинг” ЖЧКсы.






