Бүгүн, 1-июндан тартып 1-сентябрга чейин максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Убактылуу чектөө 2026-жылдын жай мезгилинде Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынды.
Ага ылайык, абанын температурасы күндүз +28°C жана андан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.
Чектөө төмөнкү транспорт каражаттарына жайылтылбайт:
- жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттарына;
- гуманитардык жардам ташыган транспорт каражаттарына;
- тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарына;
- берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарына;
- министрлик тарабынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, реабилитациялоого жана күтүүгө тартылган жол органдарынын жана подряддык уюмдардын жол иштерин жүргүзүүсү үчүн ордерде көрсөтүлгөн жол тилкелерине.
Убактылуу чектөөнүн алкагында көзөмөл Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин көчмө топтору тарабынан транспорттук көзөмөл пункттарында жана жол кыймылынын коопсуздугуна тоскоолдук жаратпаган аймактарда жүргүзүлөт.