Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 31-майда Бишкек шаарында курулуп жаткан бир катар мектептердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Министр курулуп жаткан 4 билим берүү объектисин кыдырып чыгып, бир катар тапшырмаларды берди. Нурдан Орунтаев белгиленген курулуш графигинен артта калып жаткан аткаруучу уюмдарга эскертүү берди. Ошондой эле курулуш иштеринин тездетүү, жумушчулардын санын көбөйтүү жана аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, курулуш иштерин 2026–2027-окуу жылына карата өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнү, бардык иштерди заманбап курулуш талаптарына жана коопсуздук стандарттарына толук ылайык жүргүзүү талабы коюлду.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырмага ылайык, 2026-жылдын февраль айында Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө аталган объектилерде курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Анын ичинде Октябрь районунда 6 объект, Ленин районунда 6, Биринчи Май районунда 5, Свердлов районунда 3 объект бар.
Долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.





