Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 1-июнда ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда ж

Буга байланыштуу Адилет Орозбеков аталган жыйын балдарды реабилитациялоо жана кайра интеграциялоо жаатында тажрыйба алмашуу максатында компетенттүү мамлекеттик органдар менен эл аралык уюмдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн маанилүү аянтча болоруна токтолду.
Ал тиешелүү мамлекеттик органдар кайтарылып келген балдардын кайра коомго ыңгайлашуусу жана интеграцияланышы үчүн мүмкүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт алып жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстандагы балдарды колдоого байланышкан гуманитардык маселелерди чечүүдөгү ЮНИСЕФтин салымын жогору баалады.