2026-жылдын 4-июнунда борбор калаанын айрым бөлүктөрүндө ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, суу саат 09:00дөн 00:00гө чейин өчүрүлөт. Анын алкагында Ала-Арча суусунан Байтик баатыр көчөсүнө чейин жана Түштүк Чоң Чүй каналына чейинки аймакта, ошондой эле Ала-Арча-3 конушундагы турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү токтотулат.
"Суу берүүнүн токтотулушу МИКтин котлованындагы суу агып чыгууну аныктоо боюнча авариялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу. "Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, ошондой эле шаар тургундарын алдын ала ичүүчү суунун запасын камдап алууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.
