Ош шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди
Новость

Ош шаарында 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Т.Сатылганов атындагы сейил бакта майрамдык иш-чара өткөрүлүп, ага шаар мэри Жанарбек Акаев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Майрамдын соңунда балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан бөбөктөргө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана калаанын жаш тургундарына балмуздак, оюнчуктар, таттуулар жана оюн-зоок жайларына сертификаттар тапшырылды.