Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Бишкек шаарында Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөөгө жана “Элдик банктын” жаңы башкы кеңсесинин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Алгач Садыр Жапаров жаңы кеңсе менен таанышып чыкты. Банктын бөлүмдөрү жакында курулган имараттын алты кабатында жайгашкан жана заман талабындагы кардарларды тейлөөчү зоналарды, кызматкерлер үчүн жумушчу жайларды, эне жана бала бөлмөлөрүн, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн атайын санитардык бөлмөлөрдү камтыйт.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Президент сөз сүйлөдү. Ал бул бири-бирине төп келген эки окуя ары символикалуу, ары тарыхый мааниге ээ экенин, себеби бир кылымдык жол арбыткан аманат ишмердигинин улантуучусу дал ушул “Элдик банк” болуп саналарын белгиледи.
Аманат ишмердигинин түптөлүшүнө токтолгон Садыр Жапаров анын иши 1925-жылы башталганын белгиледи. Фрунзе жана Ош шаарларында ачылган алгачкы мамлекеттик аманат кассаларында аманаттарды кабыл алуу гана эмес, акча которуу, кредиттик сертификаттарды чыгаруу жана баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү иштери да жүргүзүлгөн.
“Өткөн кылымдын 60-70-жылдарында республикабыздагы сактык кассаларында кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрү сунушталып, акча сактоого чоң ишеним жаралганы жана элдин жашоо-турмушунун ажырагыс бөлүгүнө айланганы улуу муун өкүлдөрүнө жакшы маалым.
Ошол аманат кассаларынан баштап, көз карандысыз мамлекеттин заманбап, туруктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан банк системасына чейин Кыргызстандын аманат ишмердиги бир кылымдык узак жолду басып өттү”, - деди Президент.
Мамлекет башчысы каржы системасы узак мөөнөттүү инвестициялардын, технологиялык жаңылануунун жана туруктуу өсүштүн булагы болуп калган жаңы экономикалык моделди ырааттуу түрдө түзүп жаткандыгын баса белгиледи
“Биздин өлкөбүз инновациялык экономиканы өнүктүрүү, каржы системасын модернизациялоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана элибиз үчүн, бизнес үчүн заманбап каржылык сервистердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү курсун ырааттуу түрдө ишке ашырууда.
Кыргыз Республикасы санарип ыкмаларды киргизип, технологияларга, ачык-айкындуулукка, инклюзивдүүлүккө жана ишенимге негизделген заманбап каржылык системаны курууда. Биз накталай эмес төлөмдөрдү, мобилдик каржылык чечимдерди, электрондук мамлекеттик сервистерди, санарип идентификация системасын жана заманбап банктык технологияларды жигердүү өнүктүрүүнүн үстүндөбүз”, - деди Садыр Жапаров.
Ал “Элдик банктын” жаңы имаратынын ачылышы – мамлекетте болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн жана өнүгүүнүн белгилеринин бири экенин белгилеп, ал – 80 миллиард сомдон ашык капиталы бар каржы институту экенине көңүл бурду.
“Кудай буюрса, “Элдик банк” улуттук маанидеги инфратүзүмдүк, энергетикалык, транспорттук жана социалдык долбоорлорду каржылоого активдүү катышат.
Банк өлкөбүздүн эң ири энергетикалык долбоорлорунун бири – Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү долбоорлоруна, авиация тармагын өнүктүрүүгө, өлкөнүн билим берүү жана медициналык мекемелерин колдоого насыя бөлмөкчү” – деп белгиледи Президент.
Садыр Жапаров банктын жетишкендиктерине өзгөчө токтолуп, “Элдик банк” Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык капитал рынокторуна чыкканын белгиледи. Быйыл Лондон фондулук биржасында 500 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү еврооблигацияларды ийгиликтүү жайгаштырылган.
“Бул эбегейсиз ийгилик эл аралык инвесторлордун Банкка гана эмес, биздин өлкөбүзгө – Кыргызстанга жана мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон ишеними болуп саналат”, - деди Мамлекет башчысы жана банктын дагы бир маанилүү жетишкендигин атады.
“Элдик банк” Жашыл климаттык фонддон аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Бул Кыргызстан үчүн эл аралык климаттык каржылоого жана "жашыл" экономика жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачат.
Президент Садыр Жапаров сөзүнүн соңунда, “Элдик Банктын” ушундай ийгиликтеринин аркасында кызматкерлердин зор эмгеги турганын, бирок алдыда дагы чоң милдеттер коюлганын баса белгиледи. Анын ичинде каржылык туруктуулукту чыңдоо, алдыңкы инновациялык чечимдерди киргизүү жана жарандардын каржылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери бар. Мамлекет башчысы банктын жамааты белгиленген пландарды ийгиликтүү ишке ашырат деген ишенимин билдирди.
