Ош шаарында жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Новость

Ош шаарында жаңы 148 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Бекмырза Эргешов, шаардык кеңештин депутаттары, шаар тургундары жана мугалимдер катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда  №49 негизги билим берүүчү мектеби Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан. Жаңы кошумча корпус менен жалпы 630 окуучуга ылайыкталды. Мектепте окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилинде жүргүзүлөт.

Шаар мэри Жанарбек Акаев жакын арада балдардын коопсуздугу, ыңгайлуулугу үчүн атайын автобус ишке кирээрин айтты. Маалым болгондой Ош шаарында 17 мектептин курулушу жүрүп жатат.