Таласта мектеп курулушундагы мыйзам бузууларды прокуратура аныктады
Новость

Талас облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Айтматов районундагы "Айтбаев" атындагы орто мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары аткарылбаган курулуш иштерин мыйзамсыз түрдө кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен.

Натыйжада подряддык уюмга мамлекеттик бюджеттен негизсиз түрдө 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндө каражат төлөнүп берилгени белгилүү болгон.

Бул факты боюнча Талас облусунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык») боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда аталган иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.