Турак жай-жарандык курулуш департаменти билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылында 275 орундуу жаңы мектеп курулушу аяктады.
Билим берүү мекемесинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 98 миллион сомду түзгөн.
Жаңы мектептин жалпы аянты 1246 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Имарат окуучулардын заманбап шартта билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалган.
Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылынан тартып мектепте эки нөөмөт менен 600гө жакын окуучу билим алат.
Курулуш иштеринин сапаты жана аткарылышы Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп турду.





