МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Баткен облусундагы бир катар социалдык объектилерди кыдырды
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды.

МинКаб башчысы стратегиялык маанидеги Миң-Өрүк – Самаркандек жолу курулушун текшерди. Миң-Өрүк-Самаркандек автожолунун  узундугу 3,2 чакырымды түзүп, долбоордо эстакадалык көпүрөнүн курулушу дагы каралган. Курулуп жаткан жол азыркы пайдаланып жаткан каттамга караганда Лейлек районуна 3 чакырымга, ал эми Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга 17 чакырымга кыскарат. Бүгүнкү күндө зоону жардырып жол куруу жана көпүрөнүн таянычтарын тургузуу иштери кызуу жүрүп жатат.  

Андан соң МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барды. Оорукананын негизи 2 кабаттуу имараты 1978-жылы, 3 кабаттуу имараты 1981-жылы ал эми жугуштуу оорулуулар бөлүмү 1968-жылы, курулуп пайдаланууга берилген. 45-46 жыл ичинде ооруканага капиталдык ремонт болгон эмес, жыл сайын үстүртөн ремонт иштери  гана жүргүзүлүп келет. Биргелешкен оорукананын абалы менен таанышып чыккан соң, Адылбек Касымалиев жаңы имарат куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасын берди. 

Иш сапардын жүрүшүндө МинКаб башчысы “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан курулуп жаткан үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Шаар калкына акыркы жолу 2011-жылы турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген. Дээрлик 15 жылдан бери турак жай жер тилкесине муктаждардын саны өсүп кеткен. Азыркы учурда Баткен шаарынын мэриясына 5345 адам турак жай куруу үчүн арыз менен кайрылган. Бул көрсөткүч калктын 16,5 % ын түзөт. Жогорудагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен шаар аймагындагы турак жайга муктаж жарандардын саны кескин азаяары күтүлөт.

Ошондой эле МинКаб Төрагасы Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын Кызыл-Учу участкасында курулуп жаткан борбордук стадионду көрдү. Долбоордун жалпы суммасы 1,8 млрд сомду түзүп, 4 кабаттуу 100 орундуу мейманкана, 2 чоң футбол аянтча (жасалма газон) 1 чоң футбол аянтча (табигый газон) жана 4 кичи футбол аянтчаларды жана башка залдарды камтыйт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы иш сапарынын биринчи күнүн Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Чет-Булак жерлигиндеги Жаңы Достук конушуна баруу менен аяктады. Бүгүнкү күндө  Чет-Булак жерлигинде салынган 181 турак үйдүн курулушу толук аягына чыгып, электр энергиясы менен камсыздалып, ар бир үйгө таза суу тартылып, көчөлөрү жарыктандырылган. 

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жергиликтүү тургундар менен баарлашып, суроолоруна жооп берди.

0909