Бишкек шаарынын мэриясы электр самокаттарды ижарага берүүчүлөрдү жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чараларды колдоого чакырат. Кырсыктардын саны азайбаса, самокаттарга толук тыюу салуу чарасы каралган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, электр самокаттарынын эң жогорку ылдамдыгын саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүү тууралуу токтом долбоору учурда ведомстволор аралык макулдашуудан жана коомдук талкуудан өтүп жатат.
Мэрия самокаттарды ижарага берүүчүлөргө бир катар сунуштарды берди. Алардын арасында самокаттардын ылдамдыгын саатына 15 чакырымга чейин чектөө жана аларды коопсуз пайдалануу маданиятын жайылтуу боюнча иштер бар. Эгер бул талаптар аткарылбаса, шаар бийлиги самокаттарга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Буга чейин айрым компаниялар самокаттардын ылдамдыгын саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөткөнү маалым болгон.
"Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ижара операторлорунун, электр самокаттарын сатуучулардын жана колдонуучулардын биргелешкен аракеттери жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун олуттуу түрдө азайтып, шаардык чөйрөнүн коопсуздугун жакшыртып, самокаттарды жоопкерчиликтүү пайдалануу үчүн шарттарды түзөрүнө ишенет", - деп айтылат маалыматта.