Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында оңдоодон өткөн “Герой” суу сактагычы 3-июнда ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, министр Эрлист Акунбеков катышты. Суткалык жөнгө салуу басейни Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген тилкесинде жайгашкан. Анын көлөмү 120,0 миң м3 түзөт. Бассейн Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылындагы 1500 гектар жер аянтын сугат суу менен камсыз кылууну жакшыртат.
Белгилүү болгондой оңдоо иштеринин алкагында суу сактагычтын ичинде механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүп, дамбанын жээктери бекемделген. Курулуш мамлекеттик бюджеттен каржыланды.
"Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен ирригация системасын ондоп-түзөөгө, жаңылоого жана курууга жыл сайын ири финансылык каражаттар бөлүнүп жатат. Мисалы, 2021-жылы 520 миллион сом, 2025-жылы 1,4 миллиард сом берилди. Ал эми 2026-жылы 10,3 миллиард сом каралып, бүгүнкү күнү 1,6 миллиард сом өздөштүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
