Кыргыз Республикасынын Cаламаттык сактоо министри Дамир Осмонов 3-июнда Баткен облусундагы саламаттык сактоо уюмдарынын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында министр бир катар саламаттык сактоо уюмдарына барып, калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттарын көрдү. Ошондой эле ишке ашырылып жаткан жана келечектеги инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты.
Мындан сырткары Кадамжай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунан кабар алып, төрөт, реанимация, травматология, терапия жана кардиология бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты.
Мекеменин жетекчилиги министрге учурдагы муктаждыктар тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, азыркы 25 орунга ылайыкталган төрөт бөлүмү калктын өсүп жаткан муктаждыктарына жооп бербей жаткандыктан, 90 орундуу жаңы перинаталдык борборду куруу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле авариялык абалда турган өлүккананын ордуна жаңы имарат куруу муктаждыгын айтты.


