Ош шаарында 3-июнь күнү Жаштар борборунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) өкүлдөрү, Орусия Федерациясынын Оштогу Башкы консулу Роман Свистин, студенттер жана жаштар катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда шаар мэри студенттерге шаар аймагында 13 жаңы сквердин курулушу жүрүп жатканын айтып, ОшМУ, ОшТУ жана ОшКУУнун архитектура жана дизайн багытында билим алып жаткан студенттер, үч скверди өздөрү долбоорлоп ишке ашырууга чакырды.
"Бул силер үчүн чоң практика жана баалуу тажрыйба болот. Демилге көтөрүп, шаардын өнүгүшүнө өз салымыңарды кошкула. Мэрия тарабынан бардык колдоо көрсөтүлөт", - деп билдирди.
Үч кабаттуу имаратта тил үйрөтүү, робототехника, шахмат, кулинария курстары, лидерлик боюнча окуулар, ошондой эле заманбап конференц-зал иш алып барат. Мындан тышкары, "Арууке" бий ансамблинин ишмердүүлүгү да ушул борбордо улантылат. Аталган Жаштар борбору Ош шаарынын мэриясынын Маданият жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын алдында түзүлгөн.









