“Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол коюлду
Новость

“Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон “Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка ылайык, чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштыруу процессин аяктоо, алардын укуктук статусун жөнгө салуу, легалдаштыруу үчүн кошумча мүмкүндүк берүү, ошондой эле мыйзамсыз эксплуатациялоонун алдын алуу жана бул маселени биротоло чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Легалдаштыруу жол-жобосунан өтпөгөн (анын ичинде адистештирилген токтотуу жайларында турган) чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарынын (мындан ары – транспорт каражаттары) ээлерине (айдоочуларына) 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөргө укук берилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте легалдаштыруунун кошумча (акыркы) жол-жобосунан өтүүгө;

2) транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууну жүзөгө ашырууга;

3) транспорт каражаттарын запастык бөлүктөргө сатууга;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте транспорт каражаттарын утилдештирүүнү жүзөгө ашырууга.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) транспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруу жол-жобосу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына ташып келинген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн транспорт каражаттарына гана жайылтылат деп;

2) легалдаштыруунун кошумча жол-жобосу бир жолку, өзгөчө жана акыркы мүнөзгө ээ жана узартылууга тийиш эмес деп;

3) ушул Жарлыктын 1-пунктунда белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин транспорт каражаттарын легалдаштырууга жол берилбейт деп;

4) легалдаштыруудан өтпөгөн транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоого тыюу салынат деп.

3. Ээси (айдоочусу) ушул Жарлыктын талаптарын белгиленген мөөнөттө аткарбаган учурда транспорт каражаттары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте кийин утилдештирүү менен адистештирилген токтотуу жайларына киргизилүүгө тийиш.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып 30 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштыруунун кошумча жол-жобосун алгачкы каттоо үчүн жыйымдын ставкасынын мурда белгиленген өлчөмдөрү жана колдонуу мөөнөттөрү менен жүргүзүү тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;

2) Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын утилдештирүүнү жүргүзүү тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;

3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

1) ээси (айдоочусу) кайрылган учурда легалдаштыруудан өтпөгөн транспорт каражаттарын ушул Жарлыкка ылайык андан ары сатуу үчүн милдеттенме менен берүүнү камсыз кылсын;

2) аталган учурлар үчүн транспорт каражаттарын адистештирилген токтотуу жайларында сактоонун жеңилдетилген тарифин бир суткага 50 (элүү) сом өлчөмүндө белгилесин.

6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы:

1) транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары тоскоолдуксуз ташып чыгууну камсыз кылсын;

2) чек ара контролун жүзөгө ашырууда транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү фактысын мамлекеттик санариптик технологиялык системаларга тиешелүү маалыматтарды киргизүү менен туруктуу негизде белгилөөнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу менен ээсине (айдоочусуна) кирүү датасын ырастоочу санарип документти берүүнү камсыз кылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.