ТИМ Индияда өрттөн каза болгон кыргыз жарандары тууралуу маалымат берди
Новость

Индиядагы мейманканада болгон өрттө үч кыргыз жараны кайтыш болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда 2026-жылдын 3-июнунда Индия Республикасынын Нью-Дели шаарынын Малвия Нагар районунда жайгашкан "Florist Inn" мейманканасында өрт чыккан. Анын кесепетинен 21 адам каза болду. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын үч жараны бар. Өрт кырсыгынан 50 жаштагы Х.Н., 23 жаштагы Х.Т. жана 76 жаштагы К.М. каза болду.

Индиянын компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көбү Нью-Дели шаарындагы медициналык мекемелерде дарылануу максатында Индияга келишкен. 

Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги Индиянын компетенттүү органдары, ошондой эле каза болгон жарандардын туугандары менен тынымсыз байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардамды көрсөтүүдө. Учурда каза болгон жарандарынын сөөктөрүн мекенине жеткирүү жана зарыл документтерди тариздөө маселелери иштелип жатат.