Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Документ Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык жана экономикалык абалына карабастан жеткиликтүү жана сапаттуу билим алууга болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жана өлкөнүн бардык региондорунда билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн тең салмактуу өнүктүрүү максатында кабыл алынды.
Жарлыкка ылайык, токтом кылынат:
- Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1. Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүк программасын иштеп чыксын жана бекитсин, анда төмөнкүлөр каралсын:
– региондук тең салмактуулукту эске алуу менен мамлекеттик билим берүү гранттарынын квоталарын бөлүштүрүү;
– Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүк программасына катышкан студенттерге стипендияларды берүү;
– студенттерди ички авиаташуулар менен камсыз кылуу;
– Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүк программасынын шарттарына ылайык зарылдыгына жараша жана каражаттарды өздөштүрүүнү эске алуу менен кеминде 9000 студентти жайгаштырууга эсептелген жатаканаларды этабы менен жана системалуу түрдө куруу;
– жатаканаларды спорт аянтчалары, ашканалар, окуу борборлору жана башка зарыл инфраструктура менен камсыз кылуу;
2. “Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда студенттердин стипендияларын жана транспорттук чыгымдарын төлөө боюнча чыгымдарга тиешелүү каражаттарды белгиленген тартипте карасын. Студенттик жатаканаларды курууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырсын.