УКМК тарабынан «Нелегал-ЖККУ-2026» эл аралык ыкчам-профилактикалык операциясынын алкагында миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
2026-жылдын 2-июнунан 3-июнуна чейинки мезгилде чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 32 объект, ошондой эле 5 өлкөдөн келген 768 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилди.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 36 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Ал эми мыйзам бузуулар боюнча жалпысынан 64 административдик протокол түзүлдү. Укук бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айып пулдар салынды. Учурда аларды өлкө аймагынан чыгаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Жүргүзүлүп жаткан иштер улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, коомдук тартипти сактоого жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүгө багытталган.
КР УКМК эскертет: өлкөгө кирүү, өлкөдө болуу, каттоодон өтүү эрежелерин бузуу, ошондой эле тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. Бул жоопкерчилик өлкө аймагынан чыгарууга жана андан ары өлкөгө кирүүгө чектөө коюуга чейин жетиши мүмкүн.
Чет өлкөлүк жарандар, жумуш берүүчүлөр жана кабыл алуучу тараптар Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын так сактоого милдеттүү.

