Бүгүн, 4-июндагы парламент жыйынында үй-бүлө институтун жана демографиялык коопсуздукту коргоого багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Болот Сагынаев, Айбек Алтынбеков, Эдита Тайгараева, Айгүл Ахмедова, Салтанат Аманова, Бакыт Чомоев.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Болот Сагынаев белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын үй-бүлө институтун жана демографиялык коопсуздукту коргоо, улуттук-маданий өзгөчөлүктү жана салттуу баалуулуктарды сактоо максатында иштелип чыккан.
«Заманбап медициналык мүмкүнчүлүктөр жынысты коррекциялоо процедурасын барган сайын жеткиликтүү кылууда, бул болсо аталган теманы коомдук активдүү талкуулардын талаасына алып чыгууда. Бирок бул чөйрөдөгү мыйзамдар технологияларга караганда алда канча жай өнүгүп, укуктук боштукту (вакуумду) жаратууда. Ошону менен бирге трансгендердик жана гендердик иденттүүлүк маселелери көбүнчө салттуу руханий, диний жана адеп-ахлактык түшүнүктөр менен терең карама-каршылыкка келерин түшүнүү маанилүү, бул болсо коомдук консенсуска жетишүүдөгү негизги татаалдыкты түзөт», – деди.
Баяндамачы азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында укуктук кенемте калыптанып, ал жарандык абалдын актыларындагы, демек, жарандардын паспортторундагы жынысы жөнүндө жазууну медициналык маалымкаттардын негизинде өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө өбөлгөлөр түзүлгөнүн кошумчалады.
«Андыктан, улуттук-маданий негиздерди, үй-бүлөнүн конституциялык баалуулуктарын, демографиялык кызыкчылыктарды жана коомдук коопсуздукту коргоонун артыкчылыгын жетекчиликке алуу менен, жарандык абалдын актыларында жана башка документтерде жынысы (биологиялык жынысы) жөнүндө жазууну өзгөртүүгө бир беткей тыюу салуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат», – деди Болот Сагынаев.